Домой Спорт Веложарышчы Евгений Ваккер Азия чемпиондугуна катышууда

Веложарышчы Евгений Ваккер Азия чемпиондугуна катышууда

2

OLYMPUS DIGITAL CAMERAВеложарыш боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккер 26-майда Астана (Казакстан) шаарында старт алган Азия чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-июнда жыйынтыктала турган Азия чемпиондугунда Ваккер жеке жарыштарда 50 чакырым аралыкта жана топтук жарышта 180 чакырым аралыкта трассага чыгат.

Кошумчалай кетсек, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылаган Евгений Ваккер 11 жылдан бери Азия чемпиондугунда байге ээси болуп келет. Ал 4 ирет алтын, 4 ирет күмүш жана 3 ирет коло медаль тагынган.

Айбат гезити №80