Домой Саясат Ворух анклавын айланып өткөн жолду куруу токтотулду

Ворух анклавын айланып өткөн жолду куруу токтотулду

0

1Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн жолду куруу токтотулду”. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда айтты. Ал апрелдин соңунда Баткен облусунун аймагында жергиликтүү тургундар менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда Ворух анклавын айланып өткөн жолду курууга байланыштуу чыр-чатак келип чыккандыгын эске салып өттү. “Бул окуядан кийин жолдун курулушу токтоп калды. Учурда жоопкерчиликтүү жактар Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул убактылуу гана, жакын арада курулуш кайра башталат”, – деди Мамытов.

Булак: “Айбат”.