Домой Дүйнө кабары Вьтенамда жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салса 1ден 3 млн го чейин айып...

Вьтенамда жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салса 1ден 3 млн го чейин айып төлөйт

3

1Вьтенамда жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салуусу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды.

Вьтенамда жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салуусу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. 11-ноябрдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жубайын алдаган жарандардан алына турган айып акылардын өлчөмү көбөйтүлдү. Жергиликтүү Nguoi Dua Tin гезитинин маалыматына караганда, эми вьтенамдыктар, мыйзамдуу үй-бүлөөсү бар туруп, башка бирөө менен жашап алса, же экинчи үй бүлөө кура турган болсо 1 миллиондон 3 миллионго чейин вьетнам донгун төлөйт. (46-146 америка доллары).

Мындан сырткары, ушул эле өлчөмдөгү айып пул 3 муун аралыгындагы тууганчылыгы бар болгон жубайлар жана бакма баласы менен никеге турган жарандарга да тиешелүү.

Жашы жете электер менен никеге турган жарандарга 500 миңден 1 миллионго чейин вьетнам донгуна (24-46 америка доллары) барабар айып акы чегерилсе, ал эми соттун мамилелерди үзүү боюнча чечимине карабай, жашы жете элек өспүрүм менен никеге тургандар 1 миллиондон 3 миллионго чейин вьетнам донгун төлөйт. (46-146 америка доллары).

Ошондой эле, жаңы мыйзам боюнча жеке кызыкчылыгы үчүн жасалма никеге турган жана жубайы менен ажырашкан жарандарга 10 миллиондон 20 миллионго чейин донг (485-970 америка доллары) айып акы салынат.

Ушул эле учурда Вьтенамда 12-ноябрдан тарта дагы бир нормативдик документ иштей баштады. Ага ылайык, эми гомосексуалдар арасында нике үчүн төлөнө турган айып акы алынып салынды. Буга чейин аталган өлкөдө бир жыныстуу нике үчүн 100-500 миң донгго (5-25 америка доллары) барабар айып акы алынып келген. Бирок, бул документ Вьетнамда бир жыныстуу никелер мыйзамдаштырылды дегенди билгизбейт. Өлкө бийлиги аларга тыюу салбайт, бирок тааныбайт дагы. Себеби, Вьетнамда бир жыныстуу никелерге мурдагыдай эле расмий катталууга уруксат берилген жок.

Айбат гезити №53