Домой Hi-Tech YouTube видеолорду оффлайн көрүүгө ыңгайлаштырууда

YouTube видеолорду оффлайн көрүүгө ыңгайлаштырууда

3

youtube

YouTube видеохостинги жаңы функциясы менен тааныштырды.

Бул функция менен буга чейин компьютерде көрүлгөн видеону интернетке туташпай туруп көрүүгө болот. Бул тууралуу хостингдин YouTube Creators расмий блогунда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, видеону оффлайн көрүү YouTubeдун мобилдик тиркемелеринде гана болот. Оффлайн көрүү мүмкүнчүлүгү 2013-жылдын ноябрь айында иштеп баштайт.

YouTube видоехостинги 2005-жылы иштеп баштаган. 2006-жылы аны Google сатып алган. Ал дүйнөдөгү эң чоң жана популярдуу видеохостинг болуп эсептелет. Ага күн сайын миллиондогон колдонуучулар кирет

Айбат гезити №46