Домой Шоубизз Ырчы А.Бакытбеков Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагынын башкы байгесине ат салышууну баштады

Ырчы А.Бакытбеков Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагынын башкы байгесине ат салышууну баштады

13

Айбек Бакытбеков

Юрмала, Латвияда бүгүн, 23-июлда жаш ырчылардын 12 – эл аралык «Жаңы толкун 2013» конкурсу башталды. Конкурска Кыргызстан Айбек Бакытбековду жиберди.

Катышуучулар сынактын башталышына чейин эле өзүлөрүнүн профессионалдуу жетекчилиги менен Юрмалага кетишти. Жаш аткаруучулар өзүлөрүнүн ырларын даярдап, кайталашты.

Фестиваль 28-июлга чейин болот. ММКдын билдирүүсү боюнча, үч күндүк конкурстун биринчи күнүндө жаш ырчылар дүйнөлүк ыр аткармакчы. Ал эми экинчи күнүндө өзүнүн өлкөсүнүн ырын, үчүнчү күндө атайын жазылган ыр сунуш кылышат.

Конкурстун жыйынтыгында башкы байге – үч «Хрусталдык толкун» жана акчалай сыйлык, мындан тышкары көрүүчүлөрдүн ажарына ээ болгон «Алтын толкун» сыйлыгы берилмекчи.

Булак : АКИpress