Домой Коом Ысык-Көл биринчи орунда!

Ысык-Көл биринчи орунда!

7

Ысык-КөлРоссиялык туристтердин сүймөнчүгүнө ээ болгон КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы курортторунун рейтингин 2014-жылдын жай айларында көбүрөөк эс алууга орундарды алдын ала дайындап коюу маалыматтары боюнча Oktogo.ru сайты аныктап чыккан.

Тизмеге бир жумалык эс алуусу, жаткан жери, тамак-ашы, экскурсиясы 25 миң рублдан кем болбогон жана жайгашкан өлкөнүн борборунан жолу 3 сааттан ашпаган курорттор кирген.

Рейтинг төмөнкүчө түзүлгөн:

1. Ысык-Көл көлү (Кыргызстан);

2. Боровое көлү (Казакстан);

3. Нарочь көлү (Беларусь);

4. Гагры (Кара деңиз, Абхазия);

5. Худат (Каспий деңизи, Азербайжан);

6. Юрмала (Рига куймасы, Латвия);

7. Севан көлү (Армения);

8. Паланга (Балтика деңизи, Литва);

9. Батуми (Кара деңиз, Грузия);

10. Вадул-луй-Водэ (Днестр, Молдова).

Oktogo.ru ресурсу белгилегендей, Ысык-Көл туристтерди “акактай таза суусу, кумдуу пляждары, тоодогу шаркыратмалар жана жайлоого экскурсиялары, радон сууларга түшүү жана абрикостору менен кызыктырат”.

Айбат гезити №89