Домой Коом Ысык-Көл. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын фестивалы өтүүдө

Ысык-Көл. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын фестивалы өтүүдө

9

ИНВАЛИДКаракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын “Жашоо чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр” аттуу фестивалы өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өгөйлөп мамиле кылууну жок кылуу. Иш-чарага облус башчы Эмил Каптагаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай белек тапшырышты. Фестиваль 3 багытта өтүүдө, алар: эстрада, фольклор жана бий. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана Орусиядан келген ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар катышууда. Эске сала кетсек, фестиваль эки күнгө созулуп, жеңүүчүлөр эртең  28-августта аныкталат.