Домой Коом Ысык-Көл Облуста 5 айдын ичинде салык чогултуу 98 пайызга аткарылды

Ысык-Көл Облуста 5 айдын ичинде салык чогултуу 98 пайызга аткарылды

0

исыккульЫсык-Көл облусунда 5 айдын ичинде салык чогултуу 98 пайызга аткарылганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. 2013-жылдын январь-май айларында бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарын эсепке албаганда, чогултулган салыктардын суммасы 475,9 миллион сомду же пландалган сумманын 98,4 пайызын түздү. Ак-Суу районунда 32,4 миллион сом, Жети-Өгүздө 108 миллион сом, Ысык-Көл районунда 98,7 миллион сом, Тоң районунда 22,2 миллион сом, Түп районунда 22,3 миллион сом, Каракол шаарында 124,6 миллион сом, Балыкчы шаарында 67,7 миллион сом салык чогултулган