Домой Кырдаал Ысык-Көл облусундагы өрт кырсыгынан эки адам каза болду

Ысык-Көл облусундагы өрт кырсыгынан эки адам каза болду

3

пожарЫсык-Көл облусундагы өрт кырсыгы эки адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу “ВБ”га ӨКМдан билдиришти. Аталган ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 1-августта, болжол менен 8.40та нөөмөт бөлүмүнө Бакты-Долоноту айылындагы батирлердин биринен өрт кырсыгы чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү кызматкерлер келип, тилсиз жоону өчүрүштү. Батирдин ичинен иске тумчуккан эки жансыз дене табылган. Алар Виктор жана Валентина Власовдор болуп чыкты.

Айбат гезити