Домой Коом Ысык-Көл районунда 6 гектар жерден 2 тонна кара куурай жок кылынды

Ысык-Көл районунда 6 гектар жерден 2 тонна кара куурай жок кылынды

3

анаша“МАК-2013” операциясынын алкагында Ысык-Көлдүн шаардык райондук ички иштер бөлүмүнүн (ШРИИБ) мыйзамсыз баңгизатын сатууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Кумбел айылынын жергиликтүү башкармалыгы менен жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча атайын иш-чара өткөрүштү.

Ысык-Көл ШРИИБдин мыйзамсыз баңгизатын сатууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Бектур Осмонбаев 6 гектар жердеги кара куурай жок кылынганын айтты. Аталган аймак Бишкек – Каракол трассасынын ылдый жагындагы Темир жана Кумбел айылдарын орун алган.

Жалпысынан 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Биринчи кара куурайда чаап, андан соң өрттөштү.