Домой Коом Ысык-Көлдө бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча окуу өтүп жатат (фото)

Ысык-Көлдө бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча окуу өтүп жатат (фото)

7

IMG_6084Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин өлкөнүн 7 дубанынан келген жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү арасында уюмдар коомдо иш алып баруусу жана анын коомчулук менен тыгыз кызматташуусу боюнча окуу өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жаштар программасынын алкагында «Коомчулук менен иштөө жана коомчулуктун пикирин жаратуу» темасында тажрыйба топтоо жана өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттары аркылуу, социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен коомдогу бардык пикирди орчундуу жаратуу максатында окуудан өтүшүүдө.

Окуу семинарды фонддун жаштар программасынын адистери өтүп, анда жаштар уюмдары, жаштар жана коомчулук менен иш алып барган коомдук фонд, демилгечи топтор өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттарына кантип жарыялаш керек, коомдук уюмдарга көзөмөл жүргүзүү жана анализдөө менен өз ишмердүүлүктөрүн коомго жарыялоону үйрөнүп жатышат.

Ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү бардык коомдогу болуп жаткан иш аракеттерди, жасалып жаткан иштерди баамдоону, жаштар менен тагыз кызматташууну, коомдук уюмдун ички жана тышкы иш аракеттерин баамдап, ага баа берүүдөгү тажрыйбаны алмашууну үйрөнүшүүдө.

IMG_6236 IMG_6243