Домой Коом Ысык-Көлдө дарыгердин бир айлык ымыркайды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши каралбай жатат,...

Ысык-Көлдө дарыгердин бир айлык ымыркайды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши каралбай жатат, – укук коргоочу К.Рузиев

29

ымыркайБир айлык баланы сатуу жөнүндөгү кылмыш иши каралбай, бир орунда жылбай турат. Бул тууралуу укук коргоочу Камиь Рузиев билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Укук коргоочунун айтымында, ал эки ирет өлкө президентине, Социалдык коргоо министрлигине, Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнө жана Каракол шаардык мэриясынын жетекчилигине кайрылган. Бирок, эч кандай жылыштар болгон эмес.

Маалыматка таянсак, 27- апрель күнү Каракол шаарынын тургундары Ысык-Көл облусттук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн кызматкери Жети-Өгүз райондук социалдык фонддун жетектөөчү кызматкеринин ортомчулугу менен белгисиз адамдарга жаңы төрөлгөн бир айлык ымыркай кызды 45 миң сомго сатып жиберишкен.

«Кыздын энеси «акушерка дарыгер мени уктаткан дары берип, мен уктап калганда баланы уурдап кетип сатып жиберген» деп айткан. Аялдын айтымында, ал ойгонгондо кызы жаткан жеринде жок болуп чыккан, ал эми столдун үстүндө акча жаткан», – деп билдирди К.Рузиев.

Булак : Баракелде