Домой Кырдаал Ысык-Көлдө жер титирөөдөн кийин турак жайлары жабыркаган жарандардан 2314 арыз түштү

Ысык-Көлдө жер титирөөдөн кийин турак жайлары жабыркаган жарандардан 2314 арыз түштү

3

жер титирөө19-ноябрда КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумуштарынын жүрүшү боюнча маалыматтарды алып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Алгач министрликтин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси, полковник Мухамед Сваровдун маалыматы угулду.

Анын маалыматына таянсак, Ысык-Көл облусунда жер титирөөдөн кийин турак жайлары жабыркаган жарандардан 2314 арыз түштү. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 513 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 172 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 109 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

«Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда», – деди М.Сваров.

Айбат гезити №105