Домой Экономика Ысык-Көлдө жумушсуз адамдарга 2 млн 63 миң сом өлчөмүндө чакан насыя берилди

Ысык-Көлдө жумушсуз адамдарга 2 млн 63 миң сом өлчөмүндө чакан насыя берилди

2

two 3d humans give their hand for handshakeҮстүбүздөгү жылдын 6-айында 51 жумушсуз адамга 2 млн 63 миң сом өлчөмүндө чакан насыя берилди. Бул насыяларды жумуш менен камсыз болбогон адамдар өзүлөрүнүн күнүмдүк керектелүүчү товарларын алып сатууга берилген. Жалпысынан жумушсуз адамдарга 2 млн 63 миң сом каражатындагы кредит берилгендигин облустук ишке орноштуруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Искаков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова.

Облус боюнча 26 долбоор түзүлүп, анын негизинде 31 жумушсуз адам өз иштерин ачып иштеп жатышат.Нурлан Искаковдун пикиринде, айыл чарба боюнча 22 долбоор боюнча 27 адам жумуш менен камсыз болуп, ал эми тейлөө тармагы боюнча 4 долбоор түзүлүп, 4 жумушсуз адам иштөөдө.

Булак : Баракелде