Домой Коом Ысык-Көлдө «Каприз-Каракол» мейманканасынын сатылышына каршы чогулган эл менен өкмөт өкүлүнүн орун басары...

Ысык-Көлдө «Каприз-Каракол» мейманканасынын сатылышына каршы чогулган эл менен өкмөт өкүлүнүн орун басары жолукту (фото

5

каприз Ысык-Көл облустук мамадминистрацияга «Каприз-Каракол» мейманканасынын сатылышына каршы экендигин билдирип келген Жолголот айылынын тургундары менен өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова жолугушту. Бул туралуу аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова билдирди.

Роза Кайыкова чогулган элге өкмөттөгү облустун өкүлү Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл районунда өтүп жаткан кезексиз сессияга катышууга кеткендигин билдирди. Ал эми Жолголот айылынын тургундары ыйгарым укуктуу өкүл келип жолукмайынча тарабай тургандыктарын билдиришүүдө.

Эске салсак, чогулган эл Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан «СК Ресурс» жана «Каприз» ЖЧКларын сатууга коюлушуна карша болуп чыгышууда.