Домой Саясат Ысык-Көлдө Т.Акунду колдоо боюнча штаб түзүлдү

Ысык-Көлдө Т.Акунду колдоо боюнча штаб түзүлдү

12

акун

Ысык-Көл облусунда Турсунбек Акунду колдоо боюнча штаб түзүлдү. Бул тууралуу аталган штабдын төрагасы Бердикожо Бостериев аймактык кабарчы Замир Асаналиевге билдирди.

Ысык-Көл облусунун укук коргоочулары Турсунбек Акунду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча КР ЖК депутаттарынын чечимине нааразы болушууда.

«Турсунбек Акунду шашылыш түрдө колдон келет кылып, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү – депутаттардын калыстык иши деп эсептебейм. Өз убагы келгенде мыйзамдуу атаандаштык шайлоо жолу менен чечилсе болмок бул иш. Биз ушуга каршыбыз. Ошол себептен ар бир райондон өкүлдөр келип Турсунбек Акунду колдоо боюнча штаб түзүлдү. Биз Т.Акундун ишин кайра карап, калыс чечим чыгарууну талап кылабыз», – дейт Б.Бостериев.