Домой Шоубизз Ысык-Көлдөгү «Мейкин Азия» фестивалында жарыгы 15 чакырымга жеткен түстүү лазерлер колдонулат

Ысык-Көлдөгү «Мейкин Азия» фестивалында жарыгы 15 чакырымга жеткен түстүү лазерлер колдонулат

8

лазерЫсык-Көл жээгинде өтүүчү бүткүл дүйнөлүк «Мейкин Азия» эстрада ырчыларынын фестивалында түстүү жарык берүүчү лазерлер майрамдын көркүн ачат. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү эл аралык деңгээлде өтүүчү эстрада ырчыларынын сынагына техникалык жактан эң мыкты даярдыктар көрүлдү. Эстрадалык шаан-шөкөт өтүүчү жайдын аянты 400 чарчы метрди түзүп, 3 миң адамды кабыл алууга даяр.

Ошондой эле, концерт учурунда заманбап түстүү жарык берүүчү лазерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү болду. Түстүү лазердин жарыгы 15 чакырым жерге жетет.

«Мындай жабдуу Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда орнотулган», – дейт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, кароо сынактын жалпы байге фонду 10 миң доллар. Мындан тышкары, фетиваль учурунда 500 миң сом суммасында лотерея ойнотулат. Анда ар бир 10-киши утушка ээ болот.