Домой Коом Ысык-Көлдүн жээгине автоунааны 100 метрден жакын токтотууга тыюу салынды

Ысык-Көлдүн жээгине автоунааны 100 метрден жакын токтотууга тыюу салынды

6

1

Ысык-Көлдүн жээгинде автоунааларын 100 метрден жакын токтотуп алгандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Карасартов билдирди.

«Ысык-Көл районунун 12 айыл өкмөтүнө көлдүн жээгине автоунааларды 100 метрден жакын токтууга тыюу салуу жана тосмолорду орнотуу боюнча жумуштарды жүргүзүү тууралуу кышында эле эскерткенбиз. Көлдүн жээгине чейин барып автоунааларын токтотуп алгандарга карата чара көрүү боюнча обладминистрациядан МАИ менен биргеликте иштөөнү өтүндүк», – деди Т.Карасартов.