Домой Экономика Ысык-Көлгө 3 миллиондон ашык туристтердин келүүсү күтүлүүдө

Ысык-Көлгө 3 миллиондон ашык туристтердин келүүсү күтүлүүдө

2

Ысык-КолЫсык-Көлгө быйыл 3,3 миллиондон ашык туристтердин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда, маалымат жыйын учурунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков билдирди.

Аны айтымында, туризмден түшкөн киреше же чыгашаларды азырынча эсептөөгө эртелик кылат.

Келчү туристтердин коопсуздугу үчүн Бишкек – Торугарт унаажолуна дислокацилык карта менен бирге, күзөт офицерлеринин номерлери жазылып стационардык тосмолор орнотулган. Ошондой эле жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине унааларды себепсиз токтотпоо тапшырмасы берилген.

“Ал эми ар бир пансионатка жергиликтүү администрация 2 же андан ашык куткаруучулар иш алып барууда”, – деди ал.

 

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227352