Домой Ден-соолук Заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуу оорусу 10 жылдын ичинде 40%га өскөн

Заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуу оорусу 10 жылдын ичинде 40%га өскөн

8

Science Photo Library May 201311-октябрда «Заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдары» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Конференцияга Орусия, Беларусия, Казакстан, Өзбекстан, Индия өлкөлөрүнүн заарадагыг таштар жана заара чыгуучу түтүктөрдү дарылоо жана алдын алуу жаатындагы алдынкы адистер катышат. Конференциянын башкы максаты – КМШ мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусунун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдардын өсүш көйгөйлөрүн, аталган паталогиялдардын мурунку жана азыркы өсүшүн, ошондой эле буларды төмөндөтүү боюнча дарылоо-алдын алуучу иш-чараларын иштеп чыгуу маселелери талкууланат.. Маалыматка таянсак, зааранын түтүктөрүндө таштын пайда болгон оорулары тез кездешүүчү урологиялык оорулардын бири жана калктын 13 жакынында, айрыкча эмгекке жарамду 20-50 жаш курагындагылардагы адамдарда тез кездешет. Уролитиазм менен ооругандар баардык урологиялык стационарлардын контингентинин 30-40 ын түзөт. Расмий статистикалык маалымат боюнча, бул оорунун республика боюнча жалпы көрсөткүчү 100 миң калкка 2000-жылкы 101,6дан 2010-жылга 139га өскөн (+40  өсүш).

Айбат гезити №49