Домой Коом Замирбек Эсенамановдун иши боюнча бардык айыпталуучулар акталды

Замирбек Эсенамановдун иши боюнча бардык айыпталуучулар акталды

3

замирбекБиринчи Май райондук соту жаратылыш ресурстары боюнча экс-министр Замирбек Эсенамановду жана ведомствонун 6 жогорку кызматтагы чиновниктерин актады. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта “ВБ”га Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Эскерте кетсек, 2013-жыдын 10-апрелинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жаратылыш ресурстары министрлинигин экс-жетекчиси Замирбек Эсенаманов тарабынан мыйзамсыз жол менен лицензиялар бергендигин аныктап, бул факт боюнча экс-министр жана башка чиновниктерге карата, “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мыйзамсыз жол менен лицензия берүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229235