Домой Маек Жамин Акималиев, Айыл – чарба илимдеринин доктору: “Президенттик шайлоодо мындан да таза...

Жамин Акималиев, Айыл – чарба илимдеринин доктору: “Президенттик шайлоодо мындан да таза шайлоого жетише турган болсок, кийинки президентти да татыктуу шайлап алган болобуз”

13

Акималиев Жамин– Жамин мырза, бийлик тараптан көрүлгөн таза шайлоо аракеттери өз натыйжасын бердиби?

– Албетте, толугу менен берди натыйжасын. Эгер президент Атамбаев дагы ушинтип иштеп турган болсо, кийинки шайлоолорду толук жакшы жолго коюунун мүмкүнчүлүгү бар. Айрыкча эки жылдан кийин президенттик шайлоого аябай пайдасы тийет. Жогорку Кеңештин ролун аткарып жаткан жумушун тааныйм. Бирок, мамлекет башчысынын аткарган жумушу, орду да аябай бийик. Эки жылдан кийин президенттик шайлоодо мындан да таза шайлоого жетише турган болсок, кийинки президентти да татыктуу шайлап алган болобуз.

– Таза шайлоону өнүктүрүү үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек?

– Бул шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөр болду. Аны кемчиликтер деп айтууга болбойт. Болгону кийинки шайлоодо да ушундай калыс, акыйкат саясат жүргүзүп туруп элдин аң – сезимине таасир берсе, албетте мындан да жакшы шайлоонун жыйынтыгын ала аларыбызга ишенем.

Айбат гезити №149