Домой Саясат Жапаровдорго ишенгенче мамлекетке ишенгиле

Жапаровдорго ишенгенче мамлекетке ишенгиле

5

Жапаров АкылбекАлыскы Кочкор районундагы Теңдик айылында 2005-ж. парламенттик шайлоонун алдында коюлган трансформатор шайлоодон кийин «көздөн кайым» болгону ашкереленди. Жергиликтүү тургундар трансформаторду ЖК депутаттыгына ат салышкан талапкердин бири койдурганын, жетиштүү добуш ала албаган соң трансформаторду ала качканын айтышууда. Ага кулак түрсөк, ал «эрен» кадимки Акылбек Жапаровдун карачечекей иниси Н.Жапаров экен. Шайлоодо элди сатып алам деген Жапаровдордун табигый жүзү ушинтип сыйрылгандагы кербези. Ал эми Жапаровдор жула качкан трансформаторду мамлекет кайра ордуна койгонун эскерте кетели.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)