Домой Коом Жардам берсе да жакпайт, жардам бербесе да сындашат. Деги бизге эмне жагат?

Жардам берсе да жакпайт, жардам бербесе да сындашат. Деги бизге эмне жагат?

5

заноза«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александр Ким «Заноза» аталыштагы сайт ачканын билебиз. «Заноза» «атына заты жарашып», «оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан» материалдарды жайгаштыруу менен алек. Бийликти сындаса сындай берсин. Бирок адебинен ашып, эми президенттин фондунан көрсөтүлгөн жардамдарга опсуз асылганына не дейсиң?! Күйбөгөн жериңди күл кылышат да.

Мамлекет башчысы өз фондунан ар кыл багытта жардам көрсөтөт. Анын ичинде төрт эм, үч эм төрөгөн үй-бүлөлөр, балдарын дарылатыш үчүн жардам сурап кайрылгандар, кыскасы, жардам алган калктын аялуу катмары түзөт. Эмне аларга жардам берүү – кылмыш болуп эсептелеби? Же жашоодон кыйналып тургандарга президент жеке фондунан жардам бербеши керекби?

Туура, сын-пикир керек. Бирок ал адилеттүү болгону оң. Анан сындайт десе эле «ойду-тоону оттой берүү» – «сынчынын сыңар өтүгү майрыктыгын» гана далилдейт эмеспи?

Айбат гезити №151 (23.10.2015)