Домой Саясат Жогорку Кеңеш Бакыт Аманбаевди кет деди

Жогорку Кеңеш Бакыт Аманбаевди кет деди

3

Бакыт Аманбаев25-июнда Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматтан кетирүү боюнча маселени карап көпчүлүк депутаттар аны кетирүү үчүн добуш берди. Залда отурган 60тай депутаттын 56сы Аманбаевди кет деди.

Чындыгында Бакыт мырза Акыйкатчы институтуна адашып келип калганы алгач ишке киришкенде эле байкалган. Ысык-Көлдө ызы-чуу салып, мыйзамды бузуп жаткандарды коргой коёмун деп коомчулуктун катуу сынына кабылган эле. Андан кийин деле карапайым элди унутуп жалаң эле саясат менен алпурушуп туруп алган. Айрыкча оппозициянын лидерлеринин адвокатына айланып алганычы. Мүмкүн оппозицияны колдосом алар бийликке келип калат деп ойлогондур. Бирок, чыныгы кырдаалды билбегенден кийин тынч эле ишин кылса болмок. Анын мындай алешемдиктери депутаттарды да жадатты окшойт. Ал шайланып жатканда акчасын алган эл өкүлдөрү деле каршы добуш бербедиби. Жарыктык киши эми гезитте эле журналисттик ишин уланта берсе. Бир жерин кыскан бай  эмеспи..

Айбат гезити №134