Домой Саясат Жолдошева Малиевди “кидать” эттиби?

Жолдошева Малиевди “кидать” эттиби?

22

Жылдызкан Жолдошева“Ата Журт” партиясынан куулуп, “Аалам” партиясынан шайлоого аттанган Жылдыз Жолдошева 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таптакыр тескери баалап, калыстыктан көз көрүнө тайды. Анын мындай аракетине коомчулук өз баасын берер. Бирок, Жолдошева бул шайлоодо “Аалам” партиясына жармашып шайлоого аттанганы менен, өз шайлоочуларын башка партияга сатканы айтылууда. Тактап айтканда Жылдыз айым кайсы бир партия менен тымызын сүйөшүп өз тарапташтарын ошол партияга үндөптүр. Ал мындай эмгеги үчүн кызмат сураган экен. Демек, Жолдошева Малиевди “кидать” эткен. Белгилей кетсек, буга чейин Жылдыз айым “Малиев бир тыйын албай алдыңкы тизмеге кошту, лидер деген ушундай болушу керек” деп жагалданган эле. Бирок, Малиевдин ишеничин актабай, аны сатып кетип чекилик кылган экен. Өз талапташтарын башка партияга сатып, түштөн кийин “шайлоо таза өткөн жок” дегени кызык эле. Же өзүнүн ыплас аракетине таянып ушинтип жатабы?

Айбат гезити №149