Домой Саясат Жолдошованы ылдыйлатышты

Жолдошованы ылдыйлатышты

5

Жолдошева ЖылдызханАраң жан “Ата-Журт” фракциясындагы көптөн бери аңыз болуп айтылып келаткан “жаңылыкка” акыры чекит коюлду десек болчудай. Анткени кандай болгон күндө да Камчыбек Ташиев менен Жылдызкан Жолдошованын ортосунда жарака кеткен. Муну экөө тең танбады. Ал тургай депутат айым  бул партиядан мындан ары алыс болорун жашырган жок.

Фракция лидерлигинен жылмышканын Надира Нарматова  коомчулукка сүйүнчүлөдү. Анткени эки айым депутаттын ортосундагы ич келишпестик болгонун  баары билип калышты. Фракция лидерлигинин милдетин убактылуу аткарууга Дастан Жумабеков дайындалды. Парламенттин мөөнөтүнүн аз убакыт калганына карабай Жолдошованы  ылдыйлатууга кимдер жең түрүнгөнүн айттырбай эле баамдап алышар. Ошентсе  да  кезинде Камчыке үчүн тикесинен тик турган Жылдыз айымга неге туура баа берилбеди экен? Же саясатчылардын  жүзү  өзгөрүлмө болуп кетеби?  А  чынында Жолдошованын  жылдызы муну менен эле өчпөйт. Анын караанына зар болуп жүргөндөр кош  колдоп тосуп  аларына шегибиз жок.

Айбат гезити №132