Домой Кылмыш Зордукталган кыз, соттун чечимине нааразы болгон ата энелер

Зордукталган кыз, соттун чечимине нааразы болгон ата энелер

7

14-октябрь күнү Бишкек шаардык сотунда судья Чаргынованын чечимине нааразы тарап шаардык сотунун алдында нааразы митингин өткөрүштү. Ата-энелер мындан бир жыл мурун Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды делген Калия Арабекова тарапты коргоп, алардын балдарын 8 жылга себеби жок, аныктамасы жок соттогонуна нааразычылыгын билдиришти. Акыйкатчынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаеванын билдиришинче, 21-майда Сокулук райондук соту эки жыл мурда Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар Карымбаев Ильгиз, Алыбаев Алтынбек, Кененсариев Мукаш боюнча өкүм чыгарды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылган. Арзыкан Момунтаеванын айтымында, сот бул өкүм 10 күндөн кийин күчүнө кирет деп чечим чыгаргандыктан айыптуулар сот залынан камакка алынган эмес, мындан улам жабырлануучу Калия Арабекова дароо эле коркутууларга туш болгон. 31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары 2013-жылы 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган эле.

IMG_20151014_110046_1CS IMG_20151014_110041_1CS