Домой Коом Зордуктоо фактысы боюнча 50 жаштагы адам кармалды

Зордуктоо фактысы боюнча 50 жаштагы адам кармалды

3

насилшикЗордуктоо фактысы боюнча 50 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Калыс-Ордо” жаңы конушунун 27 жаштагы тургуну дем алыш күнү таңкы саат 6:00 чамасында эшикке чыккан учурда аны бейтааныш адам ур-токмокко алып, андан соң зордуктап кеткендигин айтып милицияга арыз менен кайрылган.

Биринчи Май райондук милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү делип 50 жаштагы Бишкек тургуну кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат